Күртстан жумушчу партиясы же ПКК өткөн аптада барымтага алган үч немис туристинин абалы жакшы экенин айтып, Германияны күрт топторуна каршы репрессияны токтотууга үндөдү.
8-июлда Түркиянын чыгышындагы Арарат тоосуна чыгып баратканда колго түшүрүлгөн үч кишинин ден соолугунда эч кандай көйгөй жок, деп билдирди ПКК күрттөрдүн Фират маалымат агенттигине кечээ жасаган билдирүүсүндө.
Алардын аман-эсен кайтып келишин камсыз кылуу үчүн Германия Түркияга Түркиянын түштүк-чыгышында ПККга каршы аскердик операцияларын токтотууга басым жасашы керек, деп билдирди уюм. Германиянын “анти-күрт саясаты” адам уурдоо сыяктуу окуялардын кайра кайталанышына себепкер болуп жатканы айтылат.
ПКК негизинен күрттөр жашаган Түркиянын түштүк-чыгышында автономия үчүн 1984-жылдан бери 40,000 миңдей адамдын өмүрүн алган жаңжалда күрөшүп келет. Бул топтун ишмердүүлүгүнө Германияда 1993-жылдан бери тыюу салынган.
bloomberg.com