«Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниясы бүгүн билдирүү таратып, шаршемби күнү таңга маал Наманган, Карши, Термез, Бухара жана Фергана аэропортторунда электр энергиясы толугу менен калыбына келтирилгенин билдирди.
Шейшемби күнү эртең менен Казакстандын түштүгүндө, Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында жана Өзбекстандын чыгышында массалык электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, аэропорттордо иш токтоп, Бишкек, Ташкент жана Алматы сыяктуу көптөгөн шаарлардын темир жол транспорту жана коммуналдык кызматтары жабыркады.
«Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниясынын маалыматына караганда, бүгүн Өзбекстандын бардык аэропортторуна электр энергиясы толугу менен берилди.
Өзбекстан менен Кыргызстандын Энергетика министрликтери электр жарыгынын массалык түрдө өчүрүлүшүн Казакстандын электр тармагындагы авария менен түшүндүрүштү.
Казакстандык KEGOK электр тармактар оператору өз кезегинде Кыргызстан менен Өзбекстандагы тармактын дисбалансынан улам транзиттик электр линиясы ашыкча жүктөлүп калганын түшүндүрдү.