Британ премьер-министри Борис Жонсон бүгүн тори лидери жана өлкөнүн өкмөт башчысы кызматынан кетти. Джонсондун отставкага кетишине бир нече резонанстуу жаңжалдар түрткү болгон, андан кийин министрлер кабинетинин бир нече жогорку даражалуу мүчөлөрү кызматтарын таштап кетишкен.
Джонсонго канааттанбагандыктан жакында ездерунун екметтук кызматтарынан отставкага кеткен жогорку даражалуу чиновниктердин узун тизмесине канцлер Риши Сунак жана саламаттыкты сактоо министри Сажид Жавид кирет.
Джонсон ошондой эле кечээ күнү Турак жай жана жамааттар боюнча секретарь Майкл Говенди кызматтан бошотту, ал кээ бир маалыматтарга караганда, Джонсонго Улуу Британиянын премьер-министри кызматынан кетүүгө кеңеш берди.
Өткөн айда парламентте ишеним көрсөтпөө добуш берүүсүнөн аман калгандан кийин да премьер-министр жана анын кабинети бир катар талаш-тартыштарга кириптер болду. Май айында ички иликтөө мамлекеттик кызматкерлердин COVID-19 социалдык алыстоо эрежелерин такай этибарга албаганын тастыктады жана алардын бир нечесине, анын ичинде Джонсондун өзүнө да айып салынды.
Эки күн мурун премьер-министр Крис Пинчерди өкмөттүн жол-жоболорун башкаруу милдетин алган аткаминердин орун басары кылып дайындоо менен “жаман ката кетиргенин” мойнуна алган. Пинчер өткөн аптанын аягында сексуалдык кыянаттык боюнча айыптоолордон кийин кызматтан кеткен.
Кызматтан кетүү тууралуу расмий билдирүүдөн кийинки кыска кайрылуусунда Джонсон оор күндөрдө колдоо көрсөткөнү үчүн жубайына жана үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирди. Кызматынан кетип жаткан премьер-министр ошондой эле аны менен бирге болгон министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө жана ага өлкөнү башкарууну ишенип тапшырган Улуу Британиянын шайлоочуларына ыраазычылык билдирди.